lesson up

  • LessonUp платформасын билим берүү процессинде колдонуу: санариптик трансформациянын жана интерактивдүү окутуунун инновациялык мүмкүнчүлүктөрү»


  • IV Эл аралык студенттик илимий-практикалык конференция

  • Секция: Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар — санариптик трансформациянын негизги факторлору.


  • Автор: Латипова Одина

  • Окуу жайы: Кыргыз-Өзбек университети

1 / 7
next
Slide 1: Slide
New lesson editorКесиптик программалоUniversity

This lesson contains 7 slides, with text slides.

Report this lesson

Items in this lesson

  • LessonUp платформасын билим берүү процессинде колдонуу: санариптик трансформациянын жана интерактивдүү окутуунун инновациялык мүмкүнчүлүктөрү»


  • IV Эл аралык студенттик илимий-практикалык конференция

  • Секция: Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар — санариптик трансформациянын негизги факторлору.


  • Автор: Латипова Одина

  • Окуу жайы: Кыргыз-Өзбек университети

Text

САНАРИПТИК ТРАНСФОРМАЦИЯ ЖАНА LESSONUP ПЛАТФОРМАСЫ

Санариптик трансформация — бул заманбап санариптик технологияларды ар кандай тармактарга киргизүү аркылуу алардын иштөө процессин жакшыртуу жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.

Билим берүү тармагында санариптик трансформация:

* Салттуу окутууну заманбап технологиялар менен айкалыштырат.

* Электрондук окуу материалдарын пайдаланууга шарт түзөт.

* Окутуучу менен студенттин байланышын жакшыртат.

* Өз алдынча билим алууну өнүктүрөт.

* Окутуунун сапатын жогорулатууга көмөктөшөт.

LessonUp деген эмне?

LessonUp — интерактивдүү сабактарды түзүүгө жана өткөрүүгө арналган онлайн билим берүү платформасы. Ал окутуучуларга окуу материалдарын, тесттерди, сурамжылоолорду жана ар кандай интерактивдүү тапшырмаларды даярдоого мүмкүнчүлүк берет.

Платформанын негизги максаты — сабакты кызыктуу, жеткиликтүү жана студенттердин активдүү катышуусуна негизделген форматта уюштуруу

LESSONUP ПЛАТФОРМАСЫНЫН НЕГИЗГИ ФУНКЦИЯЛАРЫ ЖАНА МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ

LessonUp платформасы окутуу процессин интерактивдүү уюштуруу үчүн бир нече функцияларды сунуштайт.

1. Quiz (Тесттер) :Студенттердин билимин текшерүү жана теманы канчалык деңгээлде өздөштүргөнүн аныктоо үчүн колдонулат.

2. Poll (Сурамжылоо) :Студенттердин пикирин, көз карашын жана тандоосун аныктоого жардам берет.

3. Open Question (Ачык суроо) :Студенттерге өз ойлорун эркин билдирүүгө жана суроолорго кеңири жооп берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

4. Drag and Drop (Жайгаштыруу тапшырмасы) :Берилген сөздөрдү, сүрөттөрдү же түшүнүктөрдү туура категорияларга бөлүштүрүү үчүн колдонулат.

5. AI (Жасалма интеллект) :Платформанын жасалма интеллектке негизделген мүмкүнчүлүктөрү окуу материалдарын жана тапшырмаларды даярдоого жардам берет.

Бул функциялар сабакты бир тараптуу маалымат берүү процессинен интерактивдүү билим алуу процессине айландырууга көмөктөшөт.


LESSONUP ПЛАТФОРМАСЫН ПРАКТИКАЛЫК КОЛДОНУУ ЖАНА АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ

* Студенттердин сабакка болгон кызыгуусун жогорулатат.

* Активдүү катышууга жана өз оюн билдирүүгө шарт түзөт.

* Өз алдынча ой жүгүртүү жөндөмүн өнүктүрөт.

* Билимди текшерүүнү жеңилдетет.

* Окутуучунун убактысын үнөмдөөгө жардам берет.

* Санариптик сабаттуулукту өнүктүрөт.

Платформаны кемчиликтери :

Платформаны артыкчылыктары :

* Интернет байланышынын зарылдыгы.

* Компьютер же смартфон сыяктуу техникалык каражаттарга муктаждык.

* Айрым колдонуучулардын санариптик көндүмдөрүнүн жетишсиздиги.

Жыйынтык

Жыйынтыктап айтканда, азыркы учурда маалыматтык-коммуникациялык технологиялар билим берүү системасын өнүктүрүүнүн маанилүү факторлорунун бири болуп саналат.

LessonUp платформасы заманбап билим берүүнүн талаптарына жооп берген интерактивдүү каражаттардын бири болуп эсептелет.

Аны билим берүү процессинде колдонуу:

* Окутуунун сапатын жакшыртууга;

* Студенттердин активдүүлүгүн жогорулатууга;

* Интерактивдүү билим берүү чөйрөсүн түзүүгө;

* Санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө;

* Окутуунун жаңы ыкмаларын киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет


Конфиренция кандай денгээлде отуп жатат