Эгемберди Эрматов

Бүгүнкү сабакта маанайыңар кандай?

1 / 22
volgende
Slide 1: Poll
newEditorЭгемберди ЭрматовSecondary Education

In deze les zitten 22 slides, met interactieve quizzen en tekstslides.

time-iconLesduur is: 35 min
Dit is niet oké

Onderdelen in deze les

Бүгүнкү сабакта маанайыңар кандай?

Эгемберди Эрматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы

Сабактын максаты:

Окуучулар Э.Эрматовдун өмүр жолу,коомдук ишмердүүлүгү жана чыгармалары жөнүндө маалымат алышат.



Эгемберди Эрматов ким болгон?

A

журналист,акын

B

котормочу,эмгек сиңирген ишмер

C

баардык вариант туура

D

драматург

Белгилүү эл акыны канчанчы жылы жарык дүйнөгө келген?

A

1951-ж.

B

1958-ж.

C

1953-ж.

D

1851-ж.

Эне тилим

Эне тилим – эне сүтүм, таалайым,

Эне тилим – кан тамырым, жүрөгүм.

Өз тилимде сайрап турган булбулдай,

Өз тилимде өмүр бою ырдайын.Эне тилим – ата-бабам мурасы,

Эне тилим – жашоомдун бир булагы.

Кылымдардан кылымдарга жол тарткан,

Өчпөй турган кыргыз элдин чырагы.

Бул тил менен апам бешик терметкен,

Бул тил менен атам насаат үйрөткөн.


Акын ырында эне тилин эмнелерге салыштырып жатат?

Эмгек жолу
Орто мектепти Кызыл-Кыя шаарындагы мектеп-интернатта окуган.1970–1972-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.1970-жылы Ош педагогикалык окуу жайын,1979-жылы Москвадагы М.Горький атындагыз адабият институтун ийгиликтүү аяктага.Андан кийин «Кыргызстан маданияты» гезитинин адабий кызматкери болгон.Э. Эрматов «Кыргыз руху»гезитинде, «Мурас», «Тулпар» журналдарында иштеген.1990-жылдардын орто ченинде Кадамжай районундагы Көк-Талаа кыштагында жашаган.

Ал 2009-жылга чейин он жылдан ашык убакыт Баткен университетинин Кызыл-Кыя шаарындагы Педагогикалык институтунда дүйнөлүк адабияттан сабак берип келген.2010-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон.2013-жылдын 29-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы болуп дайындалган.

Э.Эрматов кайсыл гезит,

журналдар менен кызматташкан?

Москва шаары

М.Горький

Жогорудагы сүрөттөр менен Э.Эрматовдун өмүрү жана чыгармачылыгын байланыштыргыла.

Чыгармачылыгы
Биринчи ырлар жыйнагы «Ак дил» деген ат менен 1979-жылы басылып чыккан. Акын «Шаар жана тоолук», «Өмүр издери», «Туяктын ыры», «Саймалуу таш», «Махабат», «Исфайрам авазы» аттуу ыр китептердин, «Мухаммед пайгамбар» деген дастандын, «Аксаткын менен Кулмырза»,«Жаңыл Мырза»,«Кедейкан»драмаларынын автору.
1984-жылдан баштап СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

Бош жерлерди толукта

Чыгармачылыгы
Биринчи ырлар жыйнагы «.. ...» деген ат менен 1979-жылы басылып чыккан. Акын «Шаар жана ......», «.... издери», «....... ыры», «........ таш», «.......», «Исфайрам .....» аттуу ыр китептердин, «........ пайгамбар» деген дастандын, «........ менен ........»,«..... Мырза»,«........»драмаларынын автору.
1984-жылдан баштап .... .......... союзунун мүчөсү болгон.

Чыгармачылыгы
Биринчи ырлар жыйнагы «Ак дил» деген ат менен 1979-жылы басылып чыккан. Акын «Шаар жана тоолук», «Өмүр издери», «Туяктын ыры», «Саймалуу таш», «Махабат», «Исфайрам авазы» аттуу ыр китептердин, «Мухаммед пайгамбар» деген дастандын, «Аксаткын менен Кулмырза»,«Жаңыл Мырза»,«Кедейкан»драмаларынын автору.
1984-жылдан баштап СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

Эгемберди Эрматов кайсыл жерде туулган?

A

Баткен облусу,Кадамжай району

B

Талас облусу,Бакай-Ата району

C

Ош облусу,Ноокат району

D

Нарын облусу,Ат-Башы району

Акындын драмасын белгиле

A

"Аксаткын менен Кулмырза"

B

"Манас баатыр"

C

"Мухаммед пайгамбар"

D

"Курманжан Датка"

Акын кайсы жогорку окуу жайды бүтүргөн?

A

И.Арабаев КМУ

B

Л.Толстой

C

Ж.Баласагын

D

М.Горький

Сабакты кандай деңгээлде түшүндүңөр?

Үйгө тапшырма: Э.Эрматовдун алган наамдары жана төш белгилери.