Галогендердин мезгилдик системада алган орду жана жалпы мүнөздөмөсү

Галогендердин мезгилдик системада алган орду жана жалпы мүнөздөмөсү
1 / 16
volgende
Slide 1: Tekstslide
8-класс химияSecondary Education

In deze les zitten 16 slides, met interactieve quizzen, tekstslides en 2 videos.

time-iconLesduur is: 45 min

Onderdelen in deze les

Галогендердин мезгилдик системада алган орду жана жалпы мүнөздөмөсү

Slide 1 - Tekstslide

Slide 2 - Tekstslide

Фтор өтө активдүү  газ абалындагы зат. Күчтүү кычкылдандыргыч, заттар менен аракетенишкенде реакция  күйүү, жалын чыгаруу жана жарылуу менен жүрөт. Жаратылышта галогендүү суутек кислотасынын туздары түрүндө кездешет. CaFж.б

Slide 3 - Tekstslide

Хлор газ абалындагы уулуу  саргыч жашыл түстөгү тумчуктургуч газ. Жаратылышта активдүү болгондуктан эркин абалында кездешпейт. Туздардын мисалы(NaCl) курамында кездешет. Таш түрүндө (кочкор туз) , о.э. деңиз, океандардагы туздар.

Slide 4 - Tekstslide

Бром кызыл күрөң түстөгү жагымсыз жыты бар суюктук.  Жаратылышта туздар түрүндө (NaBr, KBr, MgBr) көл, деңиз, нефть жана суу өсүмдүктөрүнүн курамында кездешет

Slide 5 - Tekstslide

Йод кара күрөң түстөгү кристаллдык зат; металлдык жалтырактыкка ээ. Суюк жана газ абалындагы йоддун молекуласы эки атомдон турат. кескин жыттуу, ысытканда катуу абалдан газ абалга өтөт(кургак буулантып айдоо). Жаратылышта туздар түрүндө кездешет.

Slide 6 - Tekstslide

Астат
Жаратылышта табыла элек, ядролук реакциянын натыйжасында жасалма жол менен алынат. Касиеттери терең изилдене элек.

Slide 7 - Tekstslide

Коопсуздук эрежелери
Бардык галогендер кескин жыттуу, дем алуу органдарын дүүлүктүрөт. Физиологиялык таасири терс, ууландырып, өлүмгө дуушар кылат. Ошондуктан алар менен иштегенде коопсуздук эрежесин эстен чыгарбоо керек!

Slide 8 - Tekstslide

Грек тилинен которгондо "Галоген" деген сөздүн мааниси туз пайда кылуучу дегенди билдирет. Галогендер активдүү металлдар менен кошулуп туздарды пайда кылат
                        2Na +Cl 2 = 2NaCl 
                                             натрийдин хлориддери

Slide 9 - Tekstslide

Галогендер

Slide 10 - Woordweb

Slide 11 - Video

Slide 12 - Video

Галогендердин тышкы катмарында канча электрон бар жана алардын жогорку жана төмөнкү валенттүүлүгү канча?

Slide 13 - Open vraag

Кайсы учурда галогендердин терс электрдүүлүгү жана металл эместик касиети начарлайт?
A
Топто төмөн көздөй жылганда
B
Мезгилде солго жылганда
C
Топто жогору көздөй жылганда
D
Мезгилде оңго жылганда

Slide 14 - Quizvraag

Сабак силерге түшүнүктүү болдубу?
😒🙁😐🙂😃

Slide 15 - Poll

Үйгө тапшырма 
Галогендердин окшоштуктарын жана айырмачылыктарын  Т схема түрүндө жазып келгиле

Slide 16 - Tekstslide