Билим берүүчүлүк  максаты:
Окуучулар дурус бөлчөктөрдү көбөйтүүнүн жана бөлүүнүн эрежелерин (алгоритмин) үйрөнүшөт.
Бөлчөктөрдү көбөйтүүдө жана бөлүүдө кыскартууну туура колдоно алышат.
Өнүктүрүүчүлүк максаты:
Окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн жана математикалык тилин өнүктүрүү.
Берилген маселелерди чечүүдө алган билимдерди практикада колдонуу көндүмдөрүн калыптандыруу.
Тарбиялык максаты:
Тактыкка, тартипке жана бири-бирин угууга тарбиялоо.
Математика сабагына болгон кызыгуусун арттыруу жана ийгиликке умтулууга үндөө.